УКМК Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы эмнеге кармалганын айтты (видео)

УКМК Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы эмнеге кармалганын айтты (видео)

УКМК мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы Эркин Мамбеталиевдин кармалышы боюнча үн катты.

Белгилүү болгондой, 8-августта жергиликтүү ММКлар УКМК тарабынан Эркин Мамбеталиев кармалганы тууралуу жазып чыккан.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, Мамбеталиевдин кримтөбөлдөр Рыспек Акматбаевге менен Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобуна тиешеси бар болгон. Ал Акматбаев жана Көлбаевдин кримчөйрөдөгү байланыштарын, таасирин пайдланып жана алардын колдоосу менен коммерциялык мүнөздөгү жеке маселелерди чечип жүргөн.

Мамбеталиев узак убакыт бою кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо) боюнча иштерди жүргүзүп, көп сандаган батир, жер тилкелерди, коммерциялык объекттерди, кымбат баалуу автомобилдерди жакын туугандарына каттаткан.

Анын үйүндө тинтүү иштери жүргүзүлүп, ок атуучу куралдар табылып алынган. Ошондой эле мыйзамсыз жол менен алынган баасы 4 млн долларлык мүлктөр аныкталган.

УКМК Мамбеталиевге «уюшкан топко катышуу» беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Ал Каракол шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Жергиликтүү ММКлар жазгандай, Эркин Мамбеталиев ИИМдин кызматтык кылмыштарга каршы башкармалыгынын башчысы Чыныбек Алиевдин өлтүргөнү үчүн соттолгон. 2008-жылы Жогорку сот аны бир нече адамды, анын ичинде депутат Жыргалбек Сурабалдиевди өлтүрүүгө катышкан деп соттоп, өмүр боюнча эркинен ажыраткан. Бирок 2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин сот ишти кайра карап чыгып, ал мунапыс боюнча бошотулган.

Тэги: УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>