Баткенде баасы 22,5 млн сом болгон жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган жер 2011-жылы мыйзамсыз менчиктештирилип, «Раззаков — Бишкек — Раззаков» багыты боюнча каттаган унаалардын токтотмо жайы болуп келген. Аталган жер Раззаков шаарынын мэриясына ыктыярдуу түрдө өткөрүлүп берилген. Анын аянты 15 сотыхты түзөт, баасы 22,5 млн сомго жетет.