УКМК  «Бишкекглавархитектуранын» башчысы Асхат Түлөбердиевди кармады

УКМК  «Бишкекглавархитектуранын» башчысы Асхат Түлөбердиевди кармады

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети  «Бишкекглавархитектуранын» башчысы Асхат Түлөбердиевди кармады. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Билдирмеге караганда, 2017-жылы Бишкек мэриясынын жер ресурстар башкармалыгы, «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасынын жана мэриянын айрым кызмат адамдары жеке кызыкчылыктарды көздөп, жер тилкесин сатуу боюнча акционду жеңип алууда үчүнчү жактар менен соодалашканы аныкталган.

24-декабрь күнү жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин натыйжасында «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Асхат Түлөбердиев кармалып, тергөө абагына киргизилген. Бул иш кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестрине катталып, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>