УКМКнын Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, чет элдик жаран Кыргызстанда мыйзам бузуп, ири өлчөмдө кенемте төлөшү керек болгон. Аны төлөгөнгө чейин ага өлкөдөн чыгууга тыюу салынган. Мындан улам ал маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобундагы киши (А.Т.) аркылуу чек ара кызматкерлери менен сүйлөшүп, чек арадан мыйзамсыз өтүп, качып кетүүгө аракет кылган. Ал үчүн чек арачыларга акча берген.
Учурда чек арачылар (А.Э., К.С.) кармалып, тергөө абагына камакка алынды.
Ошондой эле бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери уланууда.