Кыргызстанда 4-апрель Санариптик технологиялар чөйрөсүнүн кызматкерлеринин күнү деп белгилендиСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады20-март: Айрым аймактарда жаан жаайтReporter.kg MBANK кеңсесинин ишин баалады: Операторлор кантип иштейт жана алдамчылардан кантип коргошот?Балдарга арналган суусундуктарга акциздик марка басуу милдеттендирилдиАк-Суу районунда жаңы машина-трактордук станция ишке кирди
УКМК ишкерден 20 миң доллар опузалаган салыкчы кармалганын билдирди
22.03.2024 | 17:22
Ишкерден 20 миң доллар пара опузалаган салык кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, Ж.Б. аттуу салык кызматкери “салыктык текшерүү жүргүзөм” деп ишкерди коркутуп, 20 миң доллар опузалаган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесине ылайык (пара опузалоо) ылайык кылмыш иши козголгон.
УКМК билдиргендей, салык кызматкери Чүйдүн Көк-Жар айылында 5 миң доллар алып жатканда колго түшүрүлгөн. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.
Учурда бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.