Ошто 19 жаштагы жигит экстремисттик материалдарды тараткан деп кармалды

Ошто 19 жаштагы жигит экстремисттик материалдарды тараткан деп кармалды

Ош облусунда социалдык тармакта диний экстремисттик жана террористтик уюмдун материалдарын тараткан жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, милиция тарабынан социалдык тармакта А. аттуу колдонуучу террористтик жана экстремисттик уюмдарга тиешелүү материалдарды таратып жаткандыгы тууралуу маалымат алынган. Бул факт боюнча териштирүү иштери башталган.

Чогултулган материалдарга экспертиза дайындалып, алар Кыргызстанда тыюу салынган ИШИМ диний экстремисттик жана террористтик уюмуна таандык деген корутунду чыккан.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесине (экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) ылайык кылмыш иши козголгон.

Бул ишке шектүү катары Ноокат районунун 19 жаштагы Ю.А. аттуу тургуну аныкталып, тергөө кызтатына жеткирилген. Анын жашаган үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, “диний экстремисттик мазмунда болушу мүмкүн” делген китептер алынып, тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Учурда бул ишке катышы бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.

Милициядан белгилешкендей, буга чейин аталган шектүүнүн бир тууган агасына да 332-берене боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө аяктагандан кийин материалдар сотко жөнөтүлгөн.

Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>