Баалуу металлдар департаментинде коррупциянын алдын алуу боюнча семинар өттүПрокуратуранын кийлигишүүсүнөн кийин компаниянын салык карызы эсептен чыгарылдыКыргызстандагы мектептер үчүн жаңы окуу китептерине 8,5 млрд сом бөлүндү27-сентябрь: Кыргызстанда жаан жаап, шамал күчөйтСадыр Жапаров Маданият жана искусство университетинин жаңы корпусун ачтыКыз ак калпакты өрттөп, тойлордо белек берүү салтынан баш тартууга чакырды
УКМК ишкерден 20 миң доллар опузалаган салыкчы кармалганын билдирди
22.03.2024 | 17:22
Ишкерден 20 миң доллар пара опузалаган салык кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, Ж.Б. аттуу салык кызматкери “салыктык текшерүү жүргүзөм” деп ишкерди коркутуп, 20 миң доллар опузалаган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесине ылайык (пара опузалоо) ылайык кылмыш иши козголгон.
УКМК билдиргендей, салык кызматкери Чүйдүн Көк-Жар айылында 5 миң доллар алып жатканда колго түшүрүлгөн. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.
Учурда бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.