ИИМ «Кумтөр» ишканасынын башкаруучусу кармалганын билдирди

ИИМ «Кумтөр» ишканасынын башкаруучусу кармалганын билдирди

«Кумтөр Голд Компани» ишканасынын башкаруучусу пайдасыз келишимдерди түзүп, ишканага зыян алып келүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу ИИМ билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган компаниянын айрым башкаруучулары жеке пайда алуу жана айрым юридикалык жактардын кызыкчылыктарына таасир этүү максатында майды сатууда пайдасыз келишимдерди түзүшкөнү аныкталган. Натыйжада, ишкана өзгөчө ири өлчөмдөгү материалдык зыянга учураган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 339-беренесинин (билип туруп пайдасыз келишим түзүү) негизинде кылмыш ишин козголгон.

«Көз карандысыз аудитордун корутундусуна ылайык, майдын бир бөлүгү бузуулар менен сатылган-бухгалтердик эсепти кыйгап өтүү жана тиешелүү төлөмү жок. 2023-2024-жылдарда майды сатууда келтирилген зыяндын жалпы суммасы 16 млн 461 миң 900 сомду түзөт»,- деп айтылат маалыматта.

Ыкчам-тергөө иштеринин алкагында компаниянын башкаруучуларынын бири 1981-жылы туулган Ж.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>