БШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
УКМК Оштогу университеттин деканын кармады (видео)
11.09.2024 | 14:02
Ош шаарындагы Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-өзбек эл аралык университетинин деканы опузалап пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, аталган окуу жайдын каржы-экономика факультетинин деканы Ш.Ш.О. мамлекеттик экзамендерди тапшырган студенттерден опузалап акча алып жүргөн деп шектелүүдө. Ал 48 саатка убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Буга чейин ушул эле окуу жайдын гуманитардык-педагогикалык факультетинин деканы У.И.С. жана анын орун басары Д.Д.у. кармалган. Аларга “пара опузалоо” беренеси менен кылмыш иши козголгон.