Евробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдүСадыр Жапаров Армения менен транспорттук кызматташтыкты кеңейтүү маанилүү экенин билдирдиЕреванда кыргыз-армян кызматташтыгын өнүктүрө турган бир катар документтерге кол коюлду18-октябрь: өлкөнүн айрым аймактарында жамгыр жаайтАКШнын мамкатчысы Марко Рубио соода кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн Борбор Азияга келе жататБишкектин Достук айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелүүдө
УКМК Оштогу университеттин деканын кармады (видео)
11.09.2024 | 14:02
Ош шаарындагы Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-өзбек эл аралык университетинин деканы опузалап пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, аталган окуу жайдын каржы-экономика факультетинин деканы Ш.Ш.О. мамлекеттик экзамендерди тапшырган студенттерден опузалап акча алып жүргөн деп шектелүүдө. Ал 48 саатка убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Буга чейин ушул эле окуу жайдын гуманитардык-педагогикалык факультетинин деканы У.И.С. жана анын орун басары Д.Д.у. кармалган. Аларга “пара опузалоо” беренеси менен кылмыш иши козголгон.