Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкери Ж.А.Р. жана Свердлов РИИБнин кызматкери Ж.К.М. пара менен кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Алар Пакистандын жаранынан 3,5 миң доллар талап кылышкан.
Маалыматка караганда, чет өлкөлүктүн Бишкекте сойкулук жайы бар. Аны билген милиция кызматкерлери андан акча опузалап турушкан.
Ж.А.Р. жана Ж.К.М. менен бирге Пакистан жараны дагы кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз