Үч адамдын өлүмү: Ашыралиев акыркы сөз сүйлөп, жеңил жаза сурады (видео)

Үч адамдын өлүмү: Ашыралиев акыркы сөз сүйлөп, жеңил жаза сурады (видео)

Бүгүн, 3-ноябрда Бишкектин Октябрь райондук сотунда үч адамды өлтүрүүгө айыпталган Чынтемир Ашыралиевдин ишин кароо улантылып, айыпталуучу акыркы сөзүн сүйлөдү.

Ашыралиев акыркы сөзүндө сот кандай жаза берсе макул экенин, бирок тергөө учурунда кемчиликтер болгонун айтып, жеңил өкүм сурады.

Ашыралиевдин акыркы сөзүнөн кийин сот чечим кабыл алуу үчүн кеңешме бөлмөсүнө чыгып кетти.

Эскерте кетсек, 2-ноябрда болгон соттук отурумда прокурор судьядан Ашыралиевди өмүр бою эркинен ажыратууну суранган.

Эскерте кетсек, быйыл 16-февралда Бишкектин 5-кичи районунда аял, уул-кызы менен (51 жаштагы аял, 2005-жылы туулган кыз жана 2014-жылы туулган бала) киши колдуу болгон. Бул кылмышка шектүү катары УКМКнын мурдагы кызматкери 36 жаштагы Чынтемир Ашыралиев кармалган. Ашыралиев маркум аял менен жакын мамиледе болуп, 2014-жылы ал Ашыралиевге уул төрөп берген. Ашыралиев аялды, анын кызын жана өз уулун өлтүргөн деп айыпталууда. Ошол эле учурда айыпталуучунун өзүнүн үй-бүлөсү болгон.

Үч адамдын өлүмү: Прокурор айыпталуучу Ашыралиевди өмүр бою эркинен ажыратууну суранды

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>