Парламент депутаты Жапаров менен Ташиевден жолугушуу суранды

Парламент депутаты Жапаров менен Ташиевден жолугушуу суранды

Жогоку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов 2022-жылы Бишкектин Свердлов району боюнча депутаттыкка шайлоодо ага тарапташ болгон адамдардын кармалышы боюнча үн катты.

Эскерте кетсек, буга чейин “Азаттык” сайты өздүк булактарына таянып, Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазовдун мандаты боюнча маселе жаралганын, анын тарапташтары делген бир нече адам күч органдарына суракка чакыртылганын жазып чыккан.

“Бир нече күндөн бери, эки жыл мурда болгон Свердлов району боюнча шайлоо учурунда мага тарапташ болгон адамдарды убактылуу кармоочу жайга алып кирип 3-4 сааттан кармап, кыйноого алып жатышат. Мага айтылган маалымат боюнча “шайлоо учурунда Матраимов (Шайлообек Атазовго – ред.) акча берген деп жазгыла” деп жатышыптыр. Ата-энелери ыйлап келишти”, — деп, ал Кеңеш, Урмат аттуу адамдардан кабар жок болуп жатканын билдирди.

Анын айтымында, ал 2022-жылы болгон шайлоого досторунан карыз алып катышкан.

Ошондой эле ал, президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кайрылып, анын айланасындагы маселени калыс карап берүүсүн суранды.

“Болуп жаткан окуяларды сиздерге жеткирген топтор бурмалап жатат деп билем. Адилетүүлүк, чындык деп жүрүп журт башына келдиңиздер. Сиздердин саясатты, көптөгөн мыйзамдарды колдоп, бир команда болуп иштеп жатабыз. Учурда жалпы тазалоо тегирмени айланып жатканда бизди да түртүп жатышат. Бул боюнча адилеттүү карап бериңиздер.

Мен да сиздердей болсом деп, ар дайым элим, жерим, чындык деп, кээ бир министрлерге бетке айтып жаман көрүнүп жүрөм. Эки жылда көптөгөн иштерди жасадым. Ийгиликтериме негизинен Сиздердин колдооңуздар бар. Сиздерге кирип чындыкты айтууга уруксат берсеңиздер. Убактылуу кармоочу жайга кирген балдардын ата-энелери жүрөгү ооруп жатат. Мен үчүн бирөөлөрдүн кыйналышы өкүнүчтүү болууда. Мени кабыл алган соң, дагы эле чындык болбосо барын тагдырдан деп билем”, — деп жазды ал.

Эскерте кетсек, буга чейин Reporter.kg’ге өздүк булактары 2022-жылдагы шайлоо боюнча Атазовдун шайлоо штабынын жетекчиси Кеңешбек Жумабаев кармалганын билдирген.

Шайлообек Атазовдун шайлоо штабынын башчысы кармалганы кабарланды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>