УКМК: Ташиев менен Зулушевдин атын жамынып, акча опузалагандар кармалды

УКМК: Ташиев менен Зулушевдин атын жамынып, акча опузалагандар кармалды

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин, мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушевдин жана анын ордуна жаңы келген Максат Асаналиевдин атын жамынып, акча опузалагандар кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалым болгондой, Т.Т. жана К.И. аттуу жарандар күйөөсүнүн иши сотто каралып жаткан А.Г. аттуу аялга моралдык-психологиялык кысым көрсөтүп, жолдошуна соттон оң чечим чыгартуу үчүн 8 миң доллар талап кылышкан. Алар К.И. УКМКнын төрагасынын жээни, Зулушевдин өкүл баласы экенин, Асаналиевдин тууганы болорун айтып, сотторго таасир этип, күйөөсүн бошото аларын билдиришкен. Шектүүлөрдүн бири Т.Т. мурда алдамчылык иши боюнча жоопко тартылган.

Эки шектүү 27-июнда акчанын бир бөлүгүн алып жатканда кармалган. Алар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Учурда тергөө жүрүп жатат.

Тэги: УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>