Керектөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдүБишкекте Шакиранын концертине байланыштуу айрым көчөлөр жабылды
Милиция: Баткенде уурулук жасоого шектелген адам Таластан кармалды
02.07.2024 | 16:16
Баткендин Кызыл-Кыя шаарында уурулук жасоого шектелген жаран Талас облусунан кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалым болгондой, 20-июнга караган түнү белгисиз адамдар Кызыл-Кыя шаарындагы дүкөнгө кирип, жалпы баасы 826 миң сом болгон телефондорду уурдап кеткен. Бул окуядан кийин дүкөн ээси милицияга арыз жазган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “уурулук” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө 26-июнда шектүү М.А. Талас облусунан кармалган. Ал Кызыл-Кыяга жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Учурда тергөө иштери уланууда.