УКМК: Жээнбеков мыйзамсыз менчиктеп алган пансионат мамлекетке кайтарылды

УКМК: Жээнбеков мыйзамсыз менчиктеп алган пансионат мамлекетке кайтарылды

Ысык-Көлдөгү «Асыл-Таш» пансионаты мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, саясатчы Равшан Жээнбеков Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетин жетектеп турганда 2002-жылы буйрук чыгарып, анын негизинде 13,33 га жери бар «Асыл-Таш» пансионаты анын тааныш-билиштерине 12 млн 703 миң сомго сатылган. Азыркыга чейин ал Жээнбековдун жакындарынын атына катталып, чыныгы ээси ал өзү болгон.

Пансионаттын баасы 1 млрд сомго бааланууда.

Учурда пансионаттын айланасындагы, мурда ага караштуу болгон жана кийин мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен объекттерди мамлекетке кайтаруу иштери жүрүүдө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>