Айтматов проспектисинде кире бериш жолдор ачылып, жаңы жолдор курулатБишкекте көп функционалдуу жаңы спорт комплекс ачылдыБишкектин окуучулары Кыргызстандан чыккан биринчи космонавт Салижан Шарипов менен жолугуштуБишкекте 6 күндөн бери изделип жаткан өспүрүмдүн сөөгү табылдыДүйнөгө мунай баасынын кескин секириги коркунуч туудурабы жана Борбордук Азия Ормуз кысыгын алмаштыра алабы — АбдыровБишкектин Түндүк айланма жолуна жаңы транспорттук түйүн курула баштады
УКМК журналист Канышай Мамыркулованы суракка чакырды
13.11.2023 | 14:39
Журналист Канышай Мамыркулова УКМКга суракка чакырылды. Бул тууралуу ал “Фейсбуктагы” баракчасында билдирди.
Мамыркулованын айтымында, ал УКМКга “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Замирбек Шамшидин уулунун иши боюнча күбө катары суракка саат 14:00го чакырылган.
Ал “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү эмес экенин белгиледи.
Эскерте кетсек, Канышай Мамыркулова – таанымал журналист. Акыркы жылдары “Фейсбук” аркылуу өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалдар боюнча бийликке сын айтып жүргөн.
Ал эми Замирбек Шамшидин уулу УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (массалык башаламандыктарга чакырып жасоо) беренеси боюнча шектүү катары кармалып, камакка алынган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом