Зордуктоого жана уюшкан кылмыштуу топту каржылоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, кармалган К.Н. аттуу жаран 2013-жылдан бери кримтөбөл (маркум) Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобундагы адамдар менен байланышта болуп, «общакка» акча төгүп, каржылап турган. Ошондой эле Дөө Чыңгыз аты менен таанымал кримтөбөл (маркум) Чыңгыз Жумагулов менен жеке байланыштары болгон.
«Аталган К.Н. уюшкан кылмыштуу топтордун лидерлеринин колдоосу менен жарандарга ар кандай басым жасап, тагыраагы шантаж жана коркутуу жолу менен кыздарды зордуктаган. Зордуктоо жана УКТны каржылоо фактылары жабырлануучулардын арыздарынын материалдары менен тастыкталат», — деп айтылат маалыматта.
Учурда бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.