Оштогу дарыканадан аткезчилик менен алып келинген дары-дармектер табылдыСадыр Жапаров Жогорку Кеңеште: жиктелүү коркунучу, УКМКдан келген «кураторлор» жана ипотекаКыргызстан мунайды жана мунай продуктуларын ЕАЭБден тышкары чыгарууга тыюу салуу эрежелерин өзгөрттүБишкектеги «Буффет» ашканасында массалык уулануу болдуКыргызстандан канаттуулардын этин экспорттоо эки эсеге өстү: негизги сатып алуучулар — ЕАЭБ өлкөлөрүЭрулан Кокулов президентке министрлердин депутаттарды кабыл албай жатканына даттанды
Улуттук банк «Кыргызалтын» чыгарган бир да куйманы саткан жок
18.06.2022 | 00:10
“Кыргызалтын” ишканасы чыгарган аффинаждалган алтын куймаларын бүгүнкү күнгө чейин эч ким сатып ала элек. Бул тууралуу “Акчабарга” Улуттук банктан билдиришти.
Эске салсак, Кыргызстандын Улуттук банкы 1-февралдан тарта “Кыргызалтын” ААК чыгарган аффинаждалган алтын куймаларын өлкөнүн ички рыногуна сатыкка чыгарган.
Маалыматка ылайык, сатуу баасы Улуттук банк тарабынан ар бир аффинаждалган алтын куймасы үчүн улуттук валютада жекече белгиленет жана расмий сайтка күн сайын жарыяланып турат.
Бүгүнкү күндө куймалардын баасы салмагына жараша 57,4 млн сомдон (12,03 кг) 62,4 млн сомго (13,07 кг) чейин өзгөрүп турат.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика