Жалал-Абад облусунда жерди мыйзамсыз басып алуу фактысы аныкталды: мамлекетке келтирилген зыян 15 млн сомдон аштыКыргызстанда көмүр тармагын колдоо жана салык салууну жөнөкөйлөтүү боюнча жаңы мыйзам даярдалуудаКыргызстан менен Россия агросектордогу кызматташтыкты күчөтөт: Москвадагы жолугушуулардын жыйынтыгы4-апрель: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайтСогуштан кийинки дүйнө: баатыр шаарлар жана эс тутум тууралуу талаш-тартыштарБишкекте иттер сол салган баланы ооруканага жеткирген милиция кызматкери андан кабар алды
Улуттук банк сомдун кунун кармап калууга ири интервенция өткөрдү
08.12.2021 | 10:17
Кыргызстандын Улуттук банкы 7-декабрда валюта рыногуна чыгып, быйылкы жылдын он төртүнчү интервенциясын өткөрдү.
Бул жолу Улуттук банк 71,3 миллион доллар сатты. Бул 23-ноябрда болгон мурдагы эң ири интервенциядан 1 миллион долларга көп.
Эске салсак, акыркы жолу 26-ноябрда Улуттук банк валюта рыногуна чыгып, 44 миллион 650 миң доллар саткан. Жыл башынан бери регулятор сомдун курсун кармап калуу үчүн 633 миллион доллар короткон.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика