5-ноябрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондоруна кар жаайтЭкономика министрлиги алкоголдук ичимдиктерге акцизди жогорулатуу долбоорун кайтарып алдыЕАЭБ Пакистан менен эркин соода жөнүндө макулдашуу түзүүнү карап жатат«Көчөдө жашап, идиш жуучумун, эми өз үйүм болот» — Игорь БеляевКыргызстан менен Франция кардиология жана онкология жаатында кызматташатКыргызстандын мамлекеттик карызы 10,4 млрд долларга жетти
Улуттук банк сомдун кунун кармап калууга ири интервенция өткөрдү
08.12.2021 | 10:17
Кыргызстандын Улуттук банкы 7-декабрда валюта рыногуна чыгып, быйылкы жылдын он төртүнчү интервенциясын өткөрдү.
Бул жолу Улуттук банк 71,3 миллион доллар сатты. Бул 23-ноябрда болгон мурдагы эң ири интервенциядан 1 миллион долларга көп.
Эске салсак, акыркы жолу 26-ноябрда Улуттук банк валюта рыногуна чыгып, 44 миллион 650 миң доллар саткан. Жыл башынан бери регулятор сомдун курсун кармап калуу үчүн 633 миллион доллар короткон.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика