Статистика: Ар бир бешинчи ымыркай никесиз төрөлөт

Статистика: Ар бир бешинчи ымыркай никесиз төрөлөт

2020-жылы COVID-19 пандемиясы учурундагы чектөөлөрдөн улам, никелердин саны 2019-жылга салыштырмалуу 20 пайызга кыскарган. Ошол эле учурда шаардагы калктуу конуштардагы никелер менен айыл жериндеги никелердин жыштыгы боюнча айырмачылыктар белгиленген эмес. Бул туурасында Улуттук статистика комитети билдирди.

Маалыматка караганда, никелердин эң көп саны аялдардын арасында да, эркектердин арасында да 20-29 жашта катталат.

Бардык эле түзүлгөн жубайлык биримдиктер бекем сакталбайт. Алардын дээрлик ар бир тѳртүнчүсү ажырашышат: айыл жеринде 1 000 никеге 162 ажырашуу туура келсе, ал эми шаардагы калктуу конуштарда алар 2,2 эсеге кѳп.

2020-жылы аялдарда биринчи никеге туруудагы орточо жаш курак 23,4 жашты, эркектерде 27,2 жашты түздү. 2016-жылга салыштырмалуу аялдардардын никеге туруудагы жаш курагы 0,2 жылга тѳмѳндѳдү, ал эми тескерисинче эркектердин никеге туруусу 0,1 жылга кѳбѳйдү.

2020-жылы катталган 39 747 никелердин ичинен басымдуу көпчүлүгү Кыргызстандын жарандары менен никеге турган кыргызстандык эркектерге туура келди (38 миң  159 нике, же алардын жалпы санынын 97,7 пайызы).

2020-жылы кыргызстандык эркектер 344 никеге Өзбекстандын жарандыгына ээ болгон кыздар менен, ал эми 201 никеге Орусиянын жарандыгына ээ болгон кыздар менен турушкан. Ошол эле учурда, кыргызстандык аялдар 322 никеге Орусиянын жарандыгына ээ жигиттер менен жана 53 никеге Өзбекстандын жарандыгына ээ болгон жигиттер менен турушкан.

2020-жылы ар бир бешинчи жаңы төрөлгөн ымыркай никеси жок энелерден төрөлгөн, ал эми 2016-жылы ар бир төртүнчүсү. 2020-жылы юридикалык эмес никеде төрөлгөн балдардын санынын ичинен 15 миң бала ата-энелердин биргелешкен арызы боюнча катталышкан жана 15 миңге жакын бала энесинин гана арызы боюнча катталган, бул балдар атасыз үй-бүлөдө тарбияланышы ыктымал. Никесиз төрөлгөн балдар негизинен 20–35 жаш курактагы энелерден төрөлүп жатат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>