Аскердик прокуратура ӨКМдин мурдагы башчысы Урматбек Шамыркановго карата кылмыш ишин козгодуМуфтият: Орозо айт 20-мартта белгиленетАк-Бата конушунда 650 орундуу жаңы мектептин курулушу башталдыКыргызстан ITB Berlin 2026 көргөзмөсүндө туристтерди тартууга аракет кылуудаЖогорку сот журналист Махабат Тажибек кызынын өкүмүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөттүӨкмөт унаалар үчүн Кыргызстандагы тоннелдерден өтүү акысын бекитти
Улуттук госпиталда инсульттан кийин бейтаптар үчүн атайын бөлүм ачылат
02.11.2023 | 19:42
Улуттук госпиталда инсульттан кийин бейтаптар үчүн реабилитациялык бөлүм ачылат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы невропатологу, Улуттук госпиталдын №3 неврология бөлүмүнүн башчысы Жамал Тургунбаев маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, Улуттук госпиталда эндоваскулярдык хирургия (кан тамырларга тери аркылуу хирургиялык кийлигишүү) да жүргүзүлө баштады.
Республикада инсульт менен ооругандар үчүн атайын жабдылган 138 керебет бар. Алар Бишкек шаарында: Улуттук госпиталда, №1 шаардык клиникалык ооруканада, шаардык клиникалык тез жардам ооруканасында.
«Ош жана Нарын шаарларында атайын инсульт жана 38 реанимация бөлүмдөрү бар», – деди ал.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар