Бишкекте маданият кызматкерлери кесиптик майрамын белгилешти

Бишкекте маданият кызматкерлери кесиптик майрамын белгилешти

Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият министри Алтынбек Максутов, маданият тармагынын көрүнүктүү өкүлдөрү, эл артистери жана кеңири коомчулук катышты.

Иш-чара алдында 2023-жылдын ичинде жасалган алгыктуу жетишкендиктер тууралуу даректүү тасма көрсөтүлдү.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары президент Садыр Жапаровдун куттуктоосун окуп, аны менен бирге маданияттын коомдогу ролу, мамлекет тарабынан түзүлүп жаткан шарттар жана аларга дем берүү жана колдоо багытында жасалып жаткан иштерди белгиледи.

Алтынбек Максутов өнөр адамдарын кесиптик майрамы менен куттуктап жатып төмөнкүлөрдү белгиледи.

“Урматтуу маданият кызматкерлери, Сиздерди бүгүнкү кесиптик майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Элибиздин маданиятынын жана искусствосунун мыкты салттарын сактоого жана өнүктүрүүгө татыктуу салым кошуп жатасыздар.

Бүгүнкү күндө мамлекет искусствону, ата-бабаларыбыздын бай мурасын сактоого жана андан ары өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп, айлык акы жогорулап, маданият мекемелеринин материалдык-техникалык базасын жакшыртууга чоң көңүл буруп жатат. Алдыда чыгармачылыкты өнүктүрүүгө багаттылган иштер арбын. Алдыга койгон максаттар жана пландарды ишке ашыруу биргеликте болот. Биздин көөнөрбөс баалуулуктарыбызды сактап калууга жана келечек муундарга жеткирүүгө бирге умтулалы”, — деди өз сөзүндө министр.

Ошондой эле, министр өз сөзүндө өнөр адамдарына чын ден-соолук, бакубат жашоо, чыгармачылык эргүү жана көп кырдуу чыгармачыл иш-аракеттериңиздерди ийгиликтүү улантууну каалады.

Майрамдык салтанаттын алкагында маданият тармагында өз ишине берилип, үзүрлүү эмгектенген бир катар өнөр адамдарына эмгек “Түрксой” эл аралык уюмунун, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Маданият министрлигинин ведомстволук сыйлыктары тапшырылды.

Андан соң, искусство чеберлеринин концерттик программасы тартуулунып, коомчулук тарабынан жылуу кабыл алынды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>