Кыргызстан келечекте Борбор Азиянын Сингапуруна айланат – кытайлык инвесторлор 

Кыргызстан келечекте Борбор Азиянын Сингапуруна айланат – кытайлык инвесторлор 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кытай Эл Республикасынан келген инвесторлор делегациясын кабыл алды.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, Кытай делегациясынын курамына China Zheshang Bank жана New Energy Sources Co, LTD сыяктуу компаниялардын өкүлдөрү кирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө банк иши, электрондук коммерция, гидроэнергетика жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү боюнча кызматташуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Бакыт Төрөбаев инвестиция тартууга багытталган долбоорлорду колдоого толук даяр экенин билдирип, «бул үчүн бардык шарттар түзүлүп жатканын» белгиледи.

«Биздин тоо-кен жана энергетика тармагында чоң пландарыбыз бар, биз кызматташууга жана бардык пландаштырылган долбоорлорду иш жүзүнө ашырууга даярбыз», — деп баса белгиледи Төрөбаев.

Өз кезегинде кытайлык делегациянын өкүлдөрү кытайлык компаниялардын Кыргызстандагы долбоорлорго инвестиция салууга зор кызыгуусун белгилешип, энергетика, соода-экономикалык, банк тармагында кызматташуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга даяр экендиктерин баса белгилешти.

«Биз Кыргызстан келечекте Борбор Азиянын Сингапуру болуп каларына ишенебиз», — деп жыйынтыктады кытайлык инвесторлор.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>