БШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
Унаадан 96 миң сом салынган капчык уурдоого шектүү кармалды
19.02.2024 | 21:49
Бишкек шаарында автоунаадан капчык уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 12-январда милицияга эркек киши арыз менен кайрылган. Анын айтымында, ошол эле күнү Ч.Айтматов проспектиси менен Жаманбаев көчөсүнүн кесилишинде “Мерседес” үлгүсүндөгү унаанын салонунан 96 миң сом салынган капчыгы уурдалган.
Райондук бөлүмдүн ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1998-жылы туулган К.Н. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ленин райондук соту аны 1 айга СИЗО-1ге камакка алды.
Учурда анын башка ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы бар же жок экендиги такталууда. Учурда тергөө иштери уланууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар