Байтик айылынан Кашка-Сууга чейин 14 чакырымдык веложол курулат

Байтик айылынан Кашка-Сууга чейин 14 чакырымдык веложол курулат

Бишкектин түштүк тарабындагы тоолорго узундугу 14 чакырымдан ашык веложол курулат. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү фондунан билдиришти.

Маалыматка караганда, веложол Байтик айылынын аркасынан баштап, «Байтик» тоо курортуна чейин барат.

«Веложол салына турган азыркы жол алты чакырымга созулат. Анын ичинен 350 метри кайра курулат. Ала-Арча дарыясына эки көпүрө курулат, бири мурдагы көпүрөнүн ордуна, экинчиси жаңы жерде курулат. Аларда велосипедчилер үчүн жол да бар», — деп айтылат маалыматта.

Долбоорго унаа токтотуучу жайлар жана велосипед токтотуучу жайлар кирет. Аны Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун буйрутмасы боюнча «Кыргыздортранспроект» долбоорлоо институту иштеп чыккан. Долбоор буга чейин бекитилген, курулуш иштери ушул жылдын жазында башталат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>