Унаанын артынан кууп келип, ок чыгарган. Ала-Букада ок жеген жаран ооруканага түштү

Унаанын артынан кууп келип, ок чыгарган. Ала-Букада ок жеген жаран ооруканага түштү

Жалал-Абаддын Ала-Бука районунда 25 жаштагы жаран травматикалык тапанчадан ок жеп, ооруканага түштү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Окуя 12-сентябрда болгон. Болжол менен саат 16:55те милицияга Жапа-Салды айылында белгисиз адамдар унаанын артынан кууп келип, ок чыгаргандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине милиция кызматкерлери барган. Белгилүү болгондой, 25-30 жаштардагы балдар уруша кетип, алардын бирөө 25 жаштагы жаранга (А.Э.) травматикалык тапанча менен ок чыгарган. Окуя жеринен 1 гилза табылып алынган.

Аталган факт боюнча «бейбаштык» беренеси менен кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык, соттук-биологиялык жана соттук-баллистикалык экспертизалар дайындалган.

Бул ишке шектүү катары 30 жаштагы К.Н. аттуу жаран кармалып, милицияга жеткирилген. Буга чейин ал Россияла каракчылык үчүн соттолгону белгилүү.

Ал эми ок жеген 25 жаштагы жаран (А.Э.) райондук ооруканага жаткырылган.

Учурда териштирүү иштери жүрүүдө. Тергөө амалдарынын жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилери айтылды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>