Ысык-Көл облусунда унаасы менен көл жээгине чейин кирип кеткен айдоочу Чүйдөн кармалып, айыпка жыгылды. Бул тууралуу Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Айдоочуга Укук бузуулар кодексинин 189-беренесине ылайык 15 миң сом айып салынып, анын унаасы айып короосуна коюлган.
Эскерте кетсек, буга чейин соцтармактарга унаасы менен көл жээгине чейин кирип барып, эс алып отурган адамдардын видеосу тараган.