Валерий Кичин «Енисей» менен келишим түздү

Валерий Кичин «Енисей» менен келишим түздү

Футбол боюнча Улуттук курама команданын капитаны Валерий Кичин Орусиянын «Енисей» командасы менен бир жылдык келишим түздү. Бул тууралуу «Енисей»футболдук клубу расмий билдирүү таркатты.

Ага ылайык, 27 жаштагы коргоочу «Енисей» менен 1 жылдык келишимге кол койгон.

Валерий Кичин буга чейин «Енисей» командасында 2016-2019-жылдары ойноп 86 беттеште өткөрүп, 6 гол киргизген.

2019-жылдагы сезондун жыйынтыгы менен Кичинди «Енисейдин» күйөрмандары команданын мыкты оюнчусу деп тапкан.

Кыргызстандык футболчу буга чейин Москванын «Торпедо» командасында ойноп келген. 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>