Путин Пасхага карата элдешүү жарыялады10-апрелге карата аба ырайыКелечекке клик: MBANK менен MJunior каржы стратегдеринин муунун кантип тарбиялоодоЧет элдик инвесторлор Кыргызстанда дары-дармек чыгаруучу завод курууну пландоодо. Инвестициянын көлөмү – 25 млн долларЭдил Байсалов Кыргызстандын АКШдагы элчиси болуп дайындалдыКыргызстан бала бакчаларды өнүктүрүүгө 6,36 млн доллар кредит жана грант алат. ЖК макулдашууну 1-окууда кабыл алды
Видео: Бишкекте “Лексус” эки унааны сүзүп, бири оодарылып кетти
05.05.2023 | 11:25
Бишкекте үч унаа катышкан жол кырсык катталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсык 4-майда эртең менен болжол менен саат 06:30да Кулиев менен Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
“Лексус-350” унаасы Рыскулов көчөсү менен бара жатып, “Тойота-Королла” жана “Мерседес-Спринтер” унааларын сүзгөн. Кагылышудан “Мерседес-Спринтер” оодарылып кеткен. Жол кырсыктан кийин “Спринтердин” 26 жаштагы С.А. аттуу жүргүнчүсү ооруканага кайрылган.
“Унаалар айып аянтчасына токтотулуп, тийиштүү экспертизалар дайындалды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат”, – деп билдиришти Кайгуул кызматынан.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз