Жалал-Абадда кайыр сурап жүргөн 37 лөлү тектүүлөргө айып салынды

Жалал-Абадда кайыр сурап жүргөн 37 лөлү тектүүлөргө айып салынды

Жалал-Абад шаарында «Кайырчы» рейди өткөрүлүп, 37 лөлү тектүүлөр аныкталды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, шаардык ички иштер бөлүмү, ЖКККБ, мэрия, аймактык башкармалыктар жана социалдык коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан  «Кайырчы» аталышындагы рейд өткөрүлдү.

Анын алкагында шаар аймагындагы көчө бойлоруна, көпүрөлөргө, жер астынан өтүүчү өтмөктөргө туруп алышып, жол тыгындарын жана жарандарга ыңгайсыздык жараткан 37 лөлү тектүүлөр аныкталды.

Алардын ичинен 14 жаран Өзбекстандан, калганы Ош облусунан келгендер. Анын ичинде 6 жашы жете элек өспүрүмдөр дагы бар.

Лөлү тектүүлөр Жалал-Абад ШИИБдин имаратына алынып келинип, манжа издери алынып, Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 190-беренесинин негизинде айып пулдар салынган. Ошондой эле түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жашаган аймактарына жөнөтүлдү.

Жалал-Абад шаарында ыңгайсыздыктарды жоюу боюнча алдыда мындай иш-аракеттер дагы улантылат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>