Кыргызстанда 500 мектепте шахмат ийримдери ачылып, керектүү жабдуулар жеткирилүүдөСадыр Жапаров поезд кырсыгына байланыштуу Испаниянын королу Фелипе VIга көңүл айттыУлуттук банк шылуундар жасалма сертификат колдонуп, алдамчылык кылып жатышканын эскертти«Түндүк» иштебей, күрөө катталбай жатат — мекемелердин жообуКыргызстанда деградацияга учураган жайыттарды калыбына келтирүү программасы иштелип чыктыБоом капчыгайында 2–6-ноябрда таш түшүрүү иштерине байланыштуу кыймыл чектелет
Бишкекте ысык суу 1 айга өчүрүлөт
05.05.2023 | 12:07
Бишкекте 22-майда ысык суу бир айга өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, ысык суу 22-июнга чейин өчүрүлөт. Тиешелүү буйрукка калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыров кол койгон.
“Ысык сууну өчүрүү жылда өткөрүлүүчү профилактикалык иштерге байланыштуу жана жылуулук түйүндөрүн жылуулук мезгилине карата даярдоо максатында болууда”, – деп билдирет мэрия.
Мэрия шаар тургандарынан ыңгайсыздыктар үчүн кечирип сурап, ысык суунун өчүрүлүшүнө түшүнүү менен мамиле кылууну суранат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом