Кыргызстандан унаа катализаторлорун ташып чыгууга алты айга тыюу салындыОштун мэринин эки орун басары кызматтан кеттиКМШ БУУда адам укуктарын саясатташтырууга каршы чыктыУКМК кылмыш иштерин комиссиялар аркылуу кайра кароо мүмкүн эмес экенин түшүндүрдүЖКнын мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу депутаттык мандатын тапшырарын билдирдиОшко мэр болгон Акаевдин ордуна Таалайбек Сарыбашев Жогорку Кеңешке депутат болду
Видео: Бишкекте түн ортосунда массалык мушташ чыкты
06.03.2023 | 12:58
Бишкектин Токтогул менен Жусуп Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде 5-мартка караган түнү топ балдар ортосунда мушташ болду.
Reporter.kg’ге Биринчи май райондук милициянын басма сөз кызматы билдиргендей, милицияга 5-мартка караган түнү болжол менен саат 01:10до Токтогул менен Жусуп Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде мушташ болуп жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя жерине дароо ыкчам-тергөө тобу чыгып, алар барганда окуя жеринде эч ким болгон эмес.
Аталган факт каттоого алынып, териштирүү иштери башталган.
Учурда мушташка катышкандарды издеп-табуу иштери жүрүүдө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз