КРга кузовдорду алып келүүгө тыюу салууну узартуу каралууда: 8 компанияга — импортко уруксатКыргыз опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева дүйнө салдыКыргызстанда банктык эмес каржы рыногу чөйрөсүндөгү окуу борбору түзүлөтОрусия Кыргызстандагы чет элдик капитал катышкан биргелешкен ишканалардын саны боюнча лидерДушанбеде ШКУнун өкмөт башчылары жолугуп, кызматташууну өнүктүрүү маселелерин караштыЮстиция министрлиги Бекешевдин Конституциядагы 44 ката тууралуу билдирүүсүнө жооп берди
Колу кесилген наристе боюнча министрлик териштирүү жүргүзүүдө
06.03.2023 | 12:15
Токтогул районунда медицина кызматкерлери наристеге тиешелүү жардам көрсөтпөй, колу кесилгени тууралуу маалымат боюнча кызматтык териштирүү жүрүүдө. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, бул маселени министр жеке көзөмөлүнө алган. Комиссиянын иши жыйынтыкталгандан кийин кошумча маалымат берилет.
Эскерте кетсек, буга чейин социалдык тармактарда Токтогулда дарыгерлер шалаакылык кылып, ымыркайга убагында тиешелүү жардам көрсөтпөгөнү, бала Бишкектеги Эне жана баланы коргоо борборуна алып келгенде, ал жактагы дарыгерлер аргасыздан баланын колун кескени тууралуу маалымат чыккан. Посттун автору бул окуя боюнча кылмыш иши ачылбаганына, эч ким жазага тартылбаганына нааразылыгын билдирген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом