Сегиз жашар кызды зордуктоого шектелген адам акталды. Чоо-жайы

Сегиз жашар кызды зордуктоого шектелген адам акталды. Чоо-жайы

Майлуу-Суу шаарынын 31 жаштагы тургуну мыйзамсыз айыпталып, камакка алынганы үчүн 1 миллион сом компенсация талап кылууда. Бул тууралуу Жалал-Абаддагы “Акыйкат” укук коргоо уюмунан билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту ушул жылдын 28-февралында Майлуу-Суу шаарынын 31 жаштагы тургунунун доо арызын жарым-жартылай канааттандырган. Сот тарабынан акталган адам моралдык чыгым үчүн 1 миллион сом сураган. Сот 100 миң компенсация өндүргөн. Акталган жарандын укугун “Акыйкат” укук коргоо уюмунун адвокаты Алмаз Ибраимов коргоду.

М.Н. аттуу жаран 2020-жылдын 9-сентябрында милиция кызматкерлери тарабынан сегиз жашар кызды зордуктаган деген шек менен кармалган. Ал Майлуу-Суудагы убактылуу кармоочу жайга  киргизилип, андан соң Ош шаарындагы СИЗОго которулуп, ал жакта бир жылга жакын кармалып турган.

Жактоочунун айтымында, тергөө органдары жетиштүү далилдери жок М.Н. аттуу жаранды өзгөчө оор кылмыш жасаган деп айыптаган. Эркек өзү кармалгандан баштап эле күнөөсүн мойнуна алган эмес.

Жактоочу белгилегендей, М.Н. экинчи топтогу майып. Анын эки бутунун тубаса майыптыгы бар. Ал эми адамдын өзүнүн айтымында, анын физикалык абалы мындай зомбулукка жол бербейт. Майлуу-Суу шаардык соту 2021-жылдын 23-августунда М.Н.ны анын аракетинде кылмыштын курамы жок болгондуктан актап, аны бошоткон.

2022-жылдын 17-январында Жалал-Абад облустук соту биринчи инстанциянын өкүмүн күчүндө калтырып, прокуратуранын арызын канааттандырган эмес.  М.Н. реабилитациялоо укугун таануу боюнча сотко кайрылып, 2022-жылдын 20-ноябрында Майлуу-Суу шаардык соту анын өтүнүчүн канааттандырган.

2023-жылдын январь айында М.Н. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна мыйзамсыз кылмыш жоопкерчилигине тартуу жана мыйзамсыз камакка алуу үчүн 1 миллион сом моралдык чыгымды өндүрүү арызы менен кайрылган. Сот аны жарым-жартылай канааттандырып, 100 миң сом компенсация өндүрүүнү дайындаган.

Белгилей кетсек, буга чейин облустук прокуратура Майлуу-Суу шаарынын прокуроруна карата чара көргөн.

«Прокурор Н.Сагынбаев М.Н.ны мыйзамсыз кармоого, камакка алууга жана сот жообуна тартууга жол бергени жана кызматтык милдеттерин толук аткарбагандыгы үчүн чара көрүлгөн», — деп айтылат облустук прокуратуранын укук коргоочуларга билдирүүсүндө.

М.Н.нын апасы компенсациянын өлчөмүнө абдан нааразы болгон. Ал укук коргоочуларга нааразычылыгын билдирип, соттук териштирүүдө алар алда канча көп акча коротушканын айткан.

Жалал-Абаддагы “Адилет” укук коргоо уюмунун директору Валентина Гриценконун айтымында, алар үчүн парадоксалдуу, бирок ошол эле учурда адаттагыдай кырдаал түзүлгөн.

«Мыйзамсыз кылмыш жоопкерчилигине тартуу жана мыйзамсыз камоо тергөөгө мүмкүндүк берди. Сот талап кылынган компенсациянын ондон бир бөлүгүн гана белгилеген. Бирок акыр аягында бул иш менен алектенип жүргөндө каржылык чыгымдардан тышкары моралдык жана психологиялык жактан чоң зыянга учураган укук коргоочулар күнөөлүү болуп калышты”, — дейт ал.

Акталган М.Н. Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрылып, бир миллион сом талап кылууну көздөп жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>