Белгилүү сүрөтчү Алмагүл Болокова дүйнө салдыАкыркы эки жылда 5 млрд сомдон ашык суммадагы социалдык объекттер мамлекетке кайтарылдыНарында окуучу өз жанын кыйган. Укук коргоочу бул боюнча иш козголбой жатканын билдирдиКыргызстандын Каржы министрлиги жана Дүйнөлүк банк «Камбар-Ата-1 ГЭС» долбоорун ишке ашыруу боюнча кадамдарды белгилештиСаламаттык сактоо министрлигине аялдардын ден соолугу үчүн керектүү 18,4 млн сомдук дарылар тапшырылдыБашкы прокурор: 2025-жылы мамлекетке 34,8 млрд сом кайтарылды
Видео: Сууга боюн таштоого аракет кылган аял куткарылды
23.12.2022 | 14:25
Бишкек шаарында Милициянын кайгуул кызматкерлери өз жанын кыюуга аракет кылган жаранды (аял киши) куткарып калды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, окуя 22-декабрда кечки маал болгон. Аял киши өз өмүрүн кыймакчы болуп, көпүрөдөн сууга боюн таштоого аракет кылган.
“Башкармалыктын кызматкерлери күнүмдүк жумушка кечки авто кайгуулдоо багытына бөлүнүшүп, Бишкек шаарынын аймагында коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздап, адатынча кызмат өтөп жатышкан учурунда байкап калышкан. Кызматкерлер көп ойлонуп турбастан, ошол замат алып чыгышып, профилактикалык түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү”, – деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз