Кыргызстанда медицина кызматкерлери санариптик технологияларга окутулатБишкекте «Казак киносунун күндөрү» өтүүдөАйрым аймактарда өткүн өтөт: 29-сентябрга карата аба ырайынын божомолуСаясат таануучу Денис Борисов Кыргызстандын трансформациясына баа бердиЭмгек министрлигинин алдында Миграция маселелери боюнча департамент түзүлдүМинск шаарындагы сейил бакка орнотулат. Чыңгыз Айтматовдун айкелин жасоого сынак жарыяланды
Шыпыргыга катылган: Абакка 4 телефон киргизем деген аял кармалды
23.12.2022 | 14:58
Чүй облусунун Степное айылындагы №2 аялдар абагына телефон алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, А.Г. аттуу аял 4 телефонду 3 шыпыргыга катып, абакка алып өтүүгө аракет жасаган.
Жазаларды аткаруу кызматы абактарда чөнтөк телефондору тыюу салынган буюмдардын катарына кирерин эскертет.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз