“Жеңиш” чокусундагы куткаруу операциясына жөнөтүлгөн ӨКМдин тик учагы кайтып келдиОшто жүзүн жаап жүргөн 22 кыз-келинге айып салындыКөптөгөн кыргызстандыктар акыркы күндөрү туура эмес акча кармалып, карталарынын бөгөттөлүшү менен туш болуштуКыргызстан менен Тажикстан соода жана энергетика жаатында кызматташууну бекемдейтАкыркы үмүт. Наталья Наговыцинадан кабар алуу үчүн дрон учурулатБишкекте Чүй – Курманжан Датка көчөлөрүнүн кесилишинин түштүк бөлүгү ачылды
Видео: Ошто ок-дары жана гранаталар сакталган жашыруун жай табылды
02.06.2023 | 12:06
Ош облусунда ок-дарылар жана жардыргыч заттар сакталган жашыруун жай табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалым болгондой, ок-дарылар менен жардыргыч заттар 30-майда Өзгөн шаарынын четинен табылган.
“8 даана граната, 6 даана модернизацияланган бирдиктүү кол гранатасынын сактагычы (запал УЗРГМ), 5,45 мм калибрдеги 114 патрон, 7,62 мм калибрдеги 46 патрон, 9 мм калибрдеги 1 патрон (Глок тапанчасынын), 7,62 мм калибрдеги 1 гильза табылып алынды. Табылып алынган ок-дарылар боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалды”, – деп айтылат маалыматта.
Учурда бул жашыруун жайга тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз