Ошто унаа каналга түшүп кетип, үч өспүрүм каза болду. Чоо-жайы

Ошто унаа каналга түшүп кетип, үч өспүрүм каза болду. Чоо-жайы

Ош шаарында жол кырсыктан улам үч адам каза болду. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жол кырсык 1-июндан 2-июнга караган түнү саат 02:00 чамаларында Ош шаарына караштуу Өзгүр айылында катталган.

«Хонда-фит» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, каналга түшүп кеткен. Натыйжада айдоочу жана эки жүргүнчү каза болгон.

Алар:

— 2006-жылы туулган, Өзгүр айылынын тургуну, «Ак-Буура» мектебинин бүтүрүүчүсү Т.Б. Тергөөнүн алгачкы маалыматына ылайык рулда болгон;

— 2008-жылы туулган, Өзгүр айылынын тургуну, Ош шаарынын С.Алымкулов атындагы орто мектебинин 9-класынын окуучусу Т.К.;

— Ноокат районунун Калдай айылынын 2008-жылы туулган тургуну, мектеп окуучусу К.Н. Ал каза болгон Т.К.нын үйүнө келген.

“Каза болгон Кара-Суу районунун тургуну, 2006-жылы туулган Т.Б. атасына таандык «Хонда-Фит» үлгүсүндөгү унаасын уруксатсыз үйдөн айдап чыккан. Унаа Өзгүр айылындагы каналга түшүп кеткен”, — деп айтылат маалыматта.

Учурда бул факты боюнча тиешелүү текшерүү иштери жүрүп жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>