Бишкекте милиционерге кол салган адам кармалдыЖыл башынан бери ИДПнын көлөмү 1 трлн 427,3 млрд сомду түздүАюу, түлкү, илбирс: Кыргызстандагы жапайы жаныбарлардын сүрөтү жарыяландыСадыр Жапаров Ташкентте бирдиктүү «Санариптик транзиттик коридор» платформасын түзүүнү сунуштады«KAV & KEV» компаниясынын кеңсесинде тинтүү жүрүп, Клевцовду суракка алып кетиштиӨкмөт башчы Москвага иш сапары менен барат
Японияга окууга тапшырууну каалагандар үчүн маалымат
30.04.2025 | 17:16
Япониянын Кыргызстандагы элчилиги аталган өлкөдө окууну каалаган Кыргызстандык жарандар үчүн 2026-жылга карата MEXT программаларына документтерди кабыл алууну баштады. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Төмөнкү программалар боюнча студенттер кабыл алынат:
- «Студент – бакалавр» (Undergraduate students);
- «Техникалык колледждин студенти» (College of Technology (KOSEN) students);
- «Кесиптик окуу коллеждин студенти» (Specialized Training College students).
Документтерди тапшыруунун акыркы мөөнөтү — 2025-жылдын 20-июну, саат 17:00гө чейин.
Эскертүү: Көрсөтүлгөн убакыттан кийин тапшырылган документтер кабыл алынбайт.
Документтерди төмөнкү дарекке тапшыруу керек:
Япония элчилигинин маданият жана маалымат бөлүмү, Бишкек шаары, Ташкент көчөсү 35/1.
Программалар тууралуу кененирээк маалыматты, көрсөтмөлөрдү жана анкета формаларын Япониянын Кыргызстандагы элчилигинен же төмөндөгү расмий сайттан алууга болот:
Рубрики: Жаңылыктар, Коом