Ош жана Чикаго шаарларынын ортосунда боордоштук мамилелери түзүлөтДастан Бекешев шайлоо, сөз эркиндиги жана саясий амбициялары тууралууЭсептөө палатасынын Ош шаарынын бюджетине жүргүзгөн аудити: 2,5 млрд сомдук карыз жана документсиз курулуштарКРде биринчи жолу бейтаптын жүрөгүнө электродсуз кардиостимулятор орнотулдуАдылбек Касымалиев БУУнун эки экономикалык комиссиясынын жетекчилери менен жолуктуЭми кыргызстандыктар Кытайга малина, бүлдүркөн жана карагатты экспорттой алышат
Быйыл жалпы республикалык тестирлөө 18-24-май күндөрү өтөт
30.04.2025 | 16:53
Кыргызстандын жогорку окуу жайларына тапшырууну каалаган бүтүрүүчүлөр үчүн жалпы республикалык тестирлөө (ЖРТ) 18-майдан 24-майга чейин өткөрүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги жарыялады.
ЖРТ төмөнкү мөөнөттөрдө өткөрүлөт:
- I этап – 2025-жылдын 18-19-20-майы;
- II этап – 2025-жылдын 22-23-24-майы;
- III этап – 2025-жылдын 20-21-22-июну.
Катталууга үлгүрбөй калган бүтүрүүчүлөр 17-май, 21-май жана 19-июнь күндөрү кошумча каттоодон өтө алышат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом