Үч жашар кыздын өлүмү: Төрт дарыгер иштен бошотулду

19.01.2024 | 19:02

КММАнын медициналык борборунда 3 жашар кыздын өлүмүнөн кийин 4 дарыгер иштен бошотулду. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Министр 18-январда кыздын жакындары менен жолугушуу өткөргөн.

Жыйындын жүрүшүндө ал аталган борбордун жетекчиси Муктарбек Искаков, ошондой эле медициналык жардам көрсөткөн анестезиолог жана стоматолог кызматынан бошотулганын айтты.

Бишкекте 2023-жылдын 18-декабрында КММАнын медициналык борборунда 3 жашар кыз тиш дарылоо учурунда каза болгон.

“ДентоМакс” стоматологиялык клиникасынын жана КММАнын медициналык борборундагы стоматологиялык кабинеттин иши жагдайлар такталганга чейин убактылуу токтотулду.

Тишин тазалаткан 3 жашар кыздын өлүмү: Ата-энеси күнөөлүүлөрдү жазалоону суранууда (видео)

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top