Депутат электромобилдерди ташып келүүгө квотаны дагы көбөйтүүнү сурандыШКУ менен БРИКС жаңы каржылык архитектураны калыптандырууда — эксперт Алмаз НасыровКыргызстан Кытайдын улуттук ири мунай корпорациялары менен кызматташууну тереңдетүүдөБазар-Коргон — Кызыл-Үңкүр жолу үч жылдан ашык убакыттан бери бүтпөй келетКыргызстанда күздүк дан өсүмдүктөрүнүн сертификацияланган үрөндөрү сатыкка чыктыБишкектеги орус театрында Вячеслав Виттихтин «Өлүк жандар» спектакли көрсөтүлөт
Бишкекте мыйзамсыз курулган унаа жуучу жай буздурулду
19.01.2024 | 19:45
Бишкек шаарынын Ак-Өргө жаңы конушундагы жалпы аянты 100 чарчы метр унаа жуучу жай, уруксатсыз салынган жеңил типтеги объект буздурулду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, мэриянын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгынын кызматкерлери «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери менен биргеликте жеринде иш алып барууда.
Мындан тышкары, мурда берилген эскертүүнүн негизинде Гагарин жана Репин көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан жеңил типтеги конструкция буздурулду. Натыйжада 30 чарчы метр муниципалдык аймак бошотулду.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар