Зордук-зомбулук маселесин чечүүдө психологиялык жардамга муктаждык жаралат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Динара Ашимова 26-декабрда «Парламент» радиосунда “Үй-бүлөлүк, сексуалдык жана гендердик зомбулуктан сактоо жана коргоо” чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушун талкуулоо учурунда билдирди.
Учурда мыйзам долбоору коомдук талкууда. Бул мыйзам долбоору сексуалдык, гендердик, үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аялдарга жана кыздарга комплекстүү жардам берүү, зомбулук көрсөткөн адамдардын жазасыз калуусун болтурбоо максатында иштелип чыкты.
Депутаттын пикиринде, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан жабырлануучулар коркконунан укук коргоо органдарына кайрыла албай жүрүшү мүмкүн. Ошондуктан, мыйзамдагы жаңы сунуштардын бири кайсыл бир жабырдануучу тууралуу маалыматы бар күбөлөр (жакын туугандары, коңшу-колоңдору) абалды аймактык органдарга кабарлай алат.
“Тосмо арыздардын таасири менен жарашып алган учурда алсыз тарапты алдуу тарап ошол арызды күч менен коркутуп-үркүтүп жаздырып алган жокпу? Бул маселени да кылдат иликтөө керек. Экспертизанын жыйынтыгын күтүү да бир топ убакытты талап кылат. Андыктан, реалдуу турмуш картинасына карап жыйынтык чыгаруу аракеттери көрүлүп жатат.
Жаза мөөнөтүн өткөрүүгө жиберилген жак келечегинде дагы жаман жолго түшүп кетпөөсү үчүн алар милдеттүү түрдө коррекциялык программадан өтүшү шарт. Бул жагы да мыйзамда даана механизмдер менен көрсөтүлүүдө, — деп түшүндүрдү демилгечи депутат.
Динара Ашимова белгилегендей, мындан тышкары жашы жетелектерге, кары-картаңдарга карата да кысым көрсөтүлгөн учурларда зордукчул тарапка тагыла турган айыптар аныкталууда.
«Маселе так аныкталганча күнөөлүү деп эсептелип жаткан жак убактылуу туруктуу жашаган жеринен оолактатылып турат, — деген ченем да мыйзам долбоорундагы жаңылыктардын бири», — деп белгиледи эл өкүлү.
Мыйзам актыларына төмөнкү өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда:
— жабырлануучу аял тосмо арыз жазса дагы, кылмыш иши токтобойт
— 154-берененин 1-бөлүгү жана 155-берененин 1-бөлүгү боюнча элдешүү мүмкүнчүлүгү жокко чыгарылат;
— психологиялык жана экономикалык (жумушка орношуусуна, иштеп акча табышына жол бербейт, каржылык жактан кысым кылат) зомбулук, ошондой эле куугунтук кылмыш катары каралат;
— үй-бүлөлүк зомбулукту көрүп жаткан жашы жете элек балдар жабырлануучу катары таанылат;
— анча оор эмес, оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча кылмыш иштери жабырлануучунун эркине жана каалоосуна карабастан козголот;
— үй-бүлөлүк зомбулук фактылары боюнча кылмыш иштери автоматтык түрдө козголуп, жабырлануучу тараптын арызы милдеттүү эмес болуп калат;
— укук коргоо органдарынын жана соттордун зомбулук кылган адамдарды кармоого көбүрөөк негиз болот;
— үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган жарандарга карата түзөтүү программалары киргизилет;
— үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу кылмыштарды жасагандыгы үчүн жарандар 7 суткага чейин камакка алынышы мүмкүн;
— кылмыш ишин тергөө учурунда жабырлануучулардын укуктары кеңейтилет;
— эгерде үй-бүлөлүк зомбулук аныкталса, милиция кызматкерлери убактылуу коргоо ордерин бериши керек болот;
— арыз менен үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгандар гана эмес, башка адам да кайрыла алат;
— убактылуу коргоо ордерин берүү мөөнөтү 3 күндөн 30 күнгө чейин узартылат;
— тергөө учурунда зордук-зомбулук көрсөткөн жарандар үйлөрүн таштап кетүүгө милдеттүү болот.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз