«Манас» аэропорту 11 айда 4,7 млн жүргүнчүнү тейледи

«Манас» аэропорту 11 айда 4,7 млн жүргүнчүнү тейледи

«Манас» эл аралык аэропорту» ААКсы быйыл 11 айда 4 млн 725 миң 566 жүргүнчүнү тейледи. Бул тууралуу аталган аэропорттон билдиришти.

Маалыматка караганда, былтыркы жылга салыштырмалуу жүргүнчүлөр агымы 30,6%га көбөйгөн. Анын ичинен ички каттамдарда жүргүнчүлөр агымы 1 млн 418 миң 355 болсо, эл аралык каттамдарда жүргүнчүлөр агымы 3 млн 307 миң 211 жүргүнчүнү түздү.

Ошондой эле, жогоруда аталган убакта 38 миң 462 каттам аткарылды: эл аралык багыттар боюнча 26 миң 555 каттам, ички багыттар боюнча 11 миң 907 каттам.

Алар:

«Манас» эл аралык аэропортунда 22 миң 343 каттам тейленген: ички – 5 миң 905, эл аралык – 16 миң 438. Жүргүнчүлөр агымы 2 млн 491 миң 468ди түзүп, алардын ичинен ички каттамдардан 703 миң 471, ал эми эл аралык каттамдардан 1 млн 787 миң 997 жүргүнчү тейленди.

«Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда 870 каттам тейленди: ички – 153, эл аралык – 717. Жүргүнчүлөр агымы 88 миң 690ду түзүп, алардын ичинен эл аралык каттамдардан 78 миң 540, ал эми ички каттамдардан 10 миң 150 жүргүнчү тейленди.

«Ош» эл аралык аэропортунда 15 миң 249 каттам тейленген: ички – 5 миң 849, эл аралык – 9 миң 400. Жүргүнчүлөр агымы 2 млн 145 миң 408ди түзүп, алардын ичинен ички каттамдардан 704 миң 734, ал эми, эл аралык каттамдардан 1 млн 440 миң 674 жүргүнчү тейленди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>