Кыз макул болсо да, ала качкан жигит жазаланат. Мыйзам долбоор талкууда

Кыз макул болсо да, ала качкан жигит жазаланат. Мыйзам долбоор талкууда

Жогорку Кеңештин “Ыйман Нуру” фракциясынын депутаты Динара Ашимова “Үй-бүлөлүк, сексуалдык жана гендердик зомбулуктан сактоо жана коргоо” чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштап жатат. Мыйзамдын долбоору коомдук талкууга коюлду.

Маалымкат негиздемеде айтылгандай, бул мыйзам долбоору сексуалдык, гендердик, үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аялдарга жана кыздарга комплекстүү жардам берүү, зомбулук көрсөткөн адамдардын жазасыз калуусун болтурбоо максатында иштелип чыккан.

Мыйзам долбооруна ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренесине (никеге туруу максатында ала качуу) толуктоолорду киргизүү сунушталууда.

Кылмыш-жаза кодекси боюнча (2017-ж) бул берененин диспозициясында «Адамдын эркине карабастан никеге туруу максатында ала качуу» көрсөтүлгөн. Башкача айтканда, кызды анын эркине карабастан ала качып кеткендиги аныкталган учурда жосун кылмыш катары жазаланат.

Азыр колдонуудагы Кылмыш-жаза кодексинде мындай белги жок жана никеге туруу үчүн кызды ала качкан бардык фактылар кылмыш катары каралып, жазаланууга тийиш. Ал турсун, эгерде кыз менен жигиттин ортосунда салтты сактап, «ала качуу» тууралуу келишим бар болсо да, алар бирин-бири сүйсө да, кыз никеге турууга макул болсо да, кызды ала качкан  жигит милдеттүү түрдө кылмыш жоопкерчилигине тартылууга тийиш. Ушуга байланыштуу, мыйзам долбоору менен берененин диспозициясын «анын эркине карабастан» деген сөздөр менен толуктоо сунушталат”, — деп айтылат маалымкат негиздемеде.

Белгилей кетсек, ала качуу фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, иш сотто каралган учурда кыз өзү макул болгону эске алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 54-беренесинин 2-бөлүгү боюнча жеңилдетүү каралып, айыпталуучу жоопкерчиликтен бошотулган учурлар кездешет.

Ал эми Кылмыш-жаза кодексинин 175-беренеси боюнча адамды анын эркине каршы никеге туруу үчүн уурдагандар III категория менен кесилет. Тактап айтканда, 5 жылдан 7,5 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Ички иштер министрлигинин маалыматтары боюнча, 2021-жылы мажбурлап нике кыйдыруу үчүн аялдарды уурдаган 254 учур катталып, алардын 84%ы кылмыш курамы жоктугунан улам кыскартылган.

Мыйзам актыларына киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдүн тизмеси. 

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>