Ырчы Чолпон Талипбек: Сузактагы мойнуна дөңгөлөк илинген аялдын окуясынан кийин ыр жаздым — видео

Ырчы Чолпон Талипбек: Сузактагы мойнуна дөңгөлөк илинген аялдын окуясынан кийин ыр жаздым — видео

Ырчы Чолпон Талипбек “Барба” деп аталган жаңы чыгармасын, клиби менен кошо чыгарды. Ырчы бул чыгарма өлкөдөгү аялдар зомбулугуна коомчулуктун көңүлүн буруу үчүн жазылганын билдирген.

Чолпон Талипбектин айтымында, зомбулукка каршы ыр чыгаруу идеясы Сузакта мойнуна дөңгөлөк асылган аялдын окуясынан кийин пайда болгон.

Ырды карантин учурунда жазгам. Бул ырды жазууга Сузактагы үстүнөн чакалап суу куюп, жаагына чаап жазалаган окуя себеп болгон. Биринчи куплетинде аялдар зомбулугу жөнүндө айтылат. Ал эми кийинкисинде дем берүүчү сөздөр бар.

Зомбулук болгон жерде сүйүүгө орун жок.»Эл эмне дейт» деген суроо жашооңузду өзгөртүү чечиминде чоң роль ойнобошу керек . Ийинине дөңгөлөктөр илинген аялдын окуясы ушул ырдын жаралышына түрткү болду, мен аны бир нече күндүн ичинде жаздым, — деди ырчы.

Талипбек ырдын музыкасын Эрнест Жоошев жазып бергенин жана клипти даярдоого 2-3 ай убакыт кеткенин айтты.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>