22-мартта Ысык-Ата районунун Новопокровка айылындагы каналдан адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, каналдан 30-35 жаштар чамасындагы, азият түспөлүндөгү эркек кишинин (аты-жөнү такталууда) жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Куткаруучулары маркумду суудан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.