Ысык-Көлдө 31 жаштагы киши жашы жете элек кызга баш кошконбу? Жооп

Ысык-Көлдө 31 жаштагы киши жашы жете элек кызга баш кошконбу? Жооп

Ысык-Көл облусунун милициясы 31 жаштагы кишинин жашы жете элек кызга баш кошкону боюнча тергөө жүргүзүүдө.

21-декабрда жалпыга маалымдоо каражаттарында, социалдык тармактарда юрист Камил Рузиев 31 жаштагы Жети-Өгүз районунун жашоочусу 16 жаштагы кызга үйлөнгөнүн жазган. 

Аталган облустук милиция юрист Рузиевдин айткандарына жооп кайтарганын Reporter.kg’ге облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Жети-Өгүз РИИБге мындай факт боюнча жашы жете элек кыздын мыйзамдуу өкүлдөрүнөн арыз түшкөн эмес.

Юристтин билдирүүсү Жети-Өгүз районунун Ички иштер башкармалыгынын электрондук маалымат журналына катталып, бул окуя болгон айылга райондук милициясынын тергөө-ыкчам тобу жөнөп кетишкен.

Бардык зарыл болгон тергөө иш-чаралары жүргүзүлгөндөн кийин, Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык процесстик баа берилет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>